7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук районундагы бир катар объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

133

Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык-инфраструктуралык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Гавриловка айылындагы аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу «Шопоков» АЧКсына бекитилип берилгени аныкталган.

Мындан тышкары, мурдагы Шопоков атындагы колхоздун балансынан, жаңыдан түзүлгөн «Шопоков» АЧКга жалпы суммасы 5 789 542 сомдук мүлктөр, клубтун имараты менен кошо өткөрүлгөн. Ошондой эле клубтун имаратына чектеш болгон 5135 чарчы метр жер тилкесине Сокулук райондук «Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы» тарабынан жеке менчик укугун аныктоочу мамлекеттик актысы берилген. Бул жерде, белгиленген талаптар одоно түрдө бузулган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Шопоков» АЧК төрагасы «З.У.» камакка алынды. Ал өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мойнуна алып, Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн балансына төмөнкү мүлктөрдү өткөрүп берди:

— клубтун имараты 0,50 гектар жери менен;

— аянты 4,4 гектарды түзгөн көлмө сугат ирригациялык курулушу.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген объектилердин базардык наркы 243 млн 590 миң сомду түзөөрү аныкталды.

134