7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

167

Москва жана Сокулук районунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун пикирлерине чакыруу жөнүндөгү ар кандай диний маңыздагы материалдар таратылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

19-сентябрда Чүй облусунун Москва жана Сокулук районунда жашаган, тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү Б.У., К.У., Т.Г. жана С.Б. аттуу жарандар аныкталган. Шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 73 даана китеп, 12 даана уюулдук телефон, 11 дана кол жазма менен жазылган дептерлер, 1 компьютер процессору, 3 флешкарта, 71 даана банкттын акча которулгандыгы тууралу квитанциялары табылып алынып, тергөө кызматы тарабынан тийиштүү соттук-теологиялык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган материалдар экстремисттик экендиги аныкталган. Шектүү 1981-жылкы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

168