7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө ишкерди абакта жаткан жаран алдап кеткен

626

Ишкерди абакта жазасын өтөп жаткан жаран телефон аркылуу алдап кеткен кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт. Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду  алдамчылар ээлеп алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

«Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын ага берүү жөнүндө макулдашкан. Алдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акча каражатын шектүүнүн эсебине которгон. Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген. Жогорудагы алдамчылык фактыларына эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бардыгы аныкталган»,- дешти.

Жүргүзүшкөн иштердин жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627