7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө кабель уурдоого шектелип 51 жаштагы жаран кармалды

707

Чүйдө кабель уурулук боюнча бир нече фактыларды жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаран кармалып, РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал 51 жаштагы М.Д. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан.

Ал Ысык-Ата районунун аймагында дагы 4 кабель уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708