7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Былтыр 5 миң 983 кылмыштардын бети ачылса, быйыл 7 миң 477 бети ачылган

663

Ушул жылдын 29-апрелинде ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коллегиялык отурумга Ички иштер министри, милициянын генерал- лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, ИИОда электрондук документ жүргүзүүнүн абалы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлгөн иш-чараларынын аткарылышы тууралуу маселелер талкууланды.

Ал эми кылмыштуулуктун абалына келсек ички иштер органдарында жалпы 11 миң 377 кылмыш иштери козголгон. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 46,0% азайган. Былтыр 4 миң 761 кылмыштар сотко жөнөтүлсө, быйыл 4 миң 919 жөнөтүлүп, салыштырмалуу 158 ишке же 3,3%га көп жөнөтүлгөн.

Республика боюнча былтыр 5 миң 983 кылмыштардын бети ачылса, быйыл 7 миң 477 бети ачылып, салыштырмалуу 1 миң 494 учурга же 25,0%га көп ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 716 адамдан турган 271 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 694 кылмыштар жасалгандыгы аныкталган. Облустук жана шаардык милиция башкармалыктарынын жетекчилерине кайрылып, катталган кылмыштардын бетин ачуу, сапаттуу тергөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, айрыкча өздүк курамдын таалим тарбиясына да өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл»-, деди Адыл Бийбосунов.

Коллегияны жыйынтыктап жатып жогоруда аталган учурлардын жана маанилүү маселелердин алкагында, бүгүнкү коллегиянын жыйынтыгы менен Улан Ниязбеков беш багыттан турган тапшырмаларды койду.

Биринчи тапшырма: 

Элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча ийгиликтерге жетүү үчүн ар бир жетекчи өз алдынча иш-чараларды уюштуруп алып барсын.

Кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, Ички иштер министрлигинин окуу жайларынан сапаттуу кадрларды өстүрүп чыгаруу, мыйзам жана тартип бузууларды алдын алуу, милициянын ар намысына туура келбеген жаман сапаттардан арылуу үчүн таалим-тарбия, окуу-машыгуу иш-чаралары жүргүзүлсүн. “Кадрдык резервдин” маанисин жогорулатып, системдүү түрдө ишке ашырылсын. Жетекчи кызмат орундарына конкурс өткөрүүдө калыстык камсыздалып, мыйзамдардын талаптарынын бузулуусуна жол берилбесин. Жер-жердеги Ардагерлер кеңештери менен тыгыз байланышта иш алып барып, насааттамалык таасирдүү окутуулар өткөрүлсүн.

Кызматкерлерге, курсанттарга таалим-тарбия иштерин жүргүзүп, деңгээлин жогорулатууда патриоттуулукка, каармандыкка, мекенге берилгендиги менен кызмат кылуусу боюнча окутуу иштери колго алынсын. “Тартип, адеп жана маданият” деген негизги үч сапатка өзгөчө көңүл бурулсун. Кызматкерлерге жана милиция бөлүмдөрүнө кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча оңдоп-түзөөгө алынган объектилер аягына чыгарылсын. Кызматкерлерге арналып, курулуп жаткан турак жайлардын курулуштары бүткөрүлүп, тапшырууга даярдалсын. Жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн автоунаа, уюштуруу-техникалык жана радио-байланыш каражаттары, кызматтык жабдыктар менен камсыздоо чаралары колго алынсын. Элге кызмат кылууда артыкчылыкты камсыздоо үчүн республикадагы жалпы милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн жаңы формалык кийим менен камсыздоо иштери аягына чыгарылсын;

Экинчи тапшырма:

Быйылкы жылдын 1-чейрегинде жана былтыркы жылы катталган кылмыштардын бетин ачуу, кылмыш жасаган адамдарды кармоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар күчөтүлсүн. Элдин социалдык турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, чөнтөк уурулук, батир уурулук кылмыштарына бөгөт коюлсун.

Кылмыштуулукту алдын алуу үчүн коомчулук арасында, өзгөчө жаштар арасында кылмыштан алыс болууга пропагандалоо иштери алып барылсын. Резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачып, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, дайынсыз жоголгон адамдарды аныктоо, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды алуу, экстремизм, баңгизат, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишмердиктери күчөтүлсүн. Уюшкан кылмыштуу топтордун, экстремисттик жана террордук уюмдардын каржы булактарын аныктоо боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлсүн.

Кылмыштын кайсы түрү катталбасын, анын бетин ыкчам ачуу, кылмыш жасаган адамдарды таап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн санарип ыкма менен иш алып барууну ишке киргизип “Айти” тармагы боюнча атайын кызматкерлерди даярдап, ишке ашыруу процедурасы жүргүзүлсүн. Чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздап, дайыма туруктуу негизде ыкчам чараларды жүргүзүп, чек арадан коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кеткен мал-жандыктарын өз учурунда кайтаруу жана мындай учурларга бөгөт коюу үчүн мал-жандыктарга сак болууга чакыруу иштери аткарылсын;

Үчүнчү тапшырма:

Арыз-даттануулар менен кайрылган жарандардын арыздарын каттап, мыйзамда белгиленген мөөнөттө карап, тиешелүү чечим чыгаруу иштериндеги тартип колго алынсын.Бир дагы жарандын арызы жаап-жашырылып же кароосуз калбасын. Ким гана болбосун, эгерде арыз менен же жөн эле юридикалык кеңеш алуу үчүн кайрылса, ошол жарандын суроо-талабы жеринде каралып, маселеси чечилсин.

Тергөөчүлөр арасындагы кызматтык атаандаштыкты жогорулатып, кылмыштарды калыс жана ар тараптуу тергөө үчүн таза, калыс, акыйкат чечимдерди кабыл алууга үйрөтүп, жыйынтыгы менен тергөөнүн сапаты жогору болушуна өзгөчө көңүл бурулсун. Сот органдары тарабынан, тергөөнүн мүчүлүштүктөрү үчүн кайрадан тергөөгө жөнөткөн ар бир факт боюнча дыкат иликтеп, себептерин аныктап, мындан ары бир дагы кылмыш иши кайрадан тергөөгө артка келүүсүнө жол берилбесин.

Элдин экономикалык абалына терс таасирин тийгизген алдамчылык фактыларына карата ыкчам, тез жана сапаттуу тергөө амалдары жүргүзүлсүн. Бир дагы жаран алдамчылардын, анын ичинде жасалма кооперативдердин, каржы пирамидалардын, оңой акча табуу үчүн адамдардын тобунан турган шылуундардын торуна кабылып калбашы керек.

Биздин өлкөдө алдамчыларга карата катуу жана аёосуз жазалар колдонулуп, аларга коомчулук арасында орун жок деген багытта эл арасына таасирдүү видео-роликтер, алдын алуучу маалыматтык материалдар таркатылсын. Элдин социалдык аярлуу катмарын түзгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жаш өспүрүмдөргө, кары-картаңдарга карата жасалган кылмыштардын ар бирин катуу көзөмөлгө алып, калыс тергөө иштери уюштурулсун.

Аталган адамдарга карата жасалган кылмыштардын бирөөсү дагы кыскартылып же кароосуз калтырылбасын. Бул талапты өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар. Кылмыштуулуктан жабыркап, материалдык чыгымдарга учураган жарандарга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу иштери жүргүзүлсүн;

Төртүнчү тапшырма: 

Кылмышты же коомчулукка жат көрүнгөн окуяны болтурбоо алдын алуудан башталат. Ошондуктан, коомдук коопсуздукту алдын алуу, пропаганда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ар бир милиция кызматкеринин биринчи катардагы милдети деп билиңиздер.

Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда кылмыштуулукту алдын алуу, ар түрдүү укук бузууларга жол бербөө үчүн күнү-түнү кайгуул иштери жүргүзүлсүн. Чек ара аймактарына жакын айылдарда, жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге чек ара чыр-чатактарын алдын алуу, суу, жер, мал жайыт талаш учурларын болтурбоо үчүн туруктуу негизде түшүндүрүү жана маселени жеринде чечүү иштери жүргүзүлсүн.

Коомчулукка сервистик тейлөө көрсөтүү, кандай гана суроо-талаптары болбосун ошол жерден көмөк көрсөтүп, милициянын коомчулук үчүн кызмат кыла тургандыгы билдирилсин. Тактап айтканда, элге ачык болуп, жарандарга ачык-айкын мамиле жасап ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздап, калктын тынч жашоосун ишке ашыруу иштерин күнү-түнү жүргүзө бере тургандыгы белгиленсин.

Күнүгө эртең мененки нускамаларда өздүк курамга элге сылык мамиле жасоо, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, “102” телефонуна келип түшкөн чакырууларга ыкчам чыгып, кылмыштарга, окуяларга жеринде бөгөт коюп, элдин арыз-муңун жеринде чечүү иштери жүргүзүлсүн.Алдыда келе жаткан май айында жарандарга коопсуз дем алыш күндөрүнө шарт түзүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барылсын.

Андан тышкары, туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чаралары иштелип чыксын. Туристтер эс алуучу аймактардын карталары такталып, жергиликтүү тургундардын жана чет элден келген коноктордун ар кандай кырсыктарга кабылып калуусуна бөгөт коюу иштери азыртадан баштап жүргүзүлсүн.

Жол кырсыктарынын санын 50% чейин кескин түрдө азайтуу иштери жүргүзүлсүн. Авто-мектептерден баштап, айдоочулук күбөлүк алууга келгендер арасында таасирдүү пропагандалоо иштери алып барылсын. “Унаа” мекемесинин кызматкерлерин колдонуп, айдоочулук күбөлүк алган учурларга жол берилбесин.

Бир дагы кызматкер, башка бир жаранга айдоочулук күбөлүктү жеңил жол менен алып берүүгө катышпасын. Эгерде, “Унаа” мекемесинин кызматкери өз кызыкчылыгынын натыйжасында, мыйзамсыз күбөлүк алууга катыштыгы бар болсо, ошол жерден катуу чаралар көрүлүп, юридикалык баа берилет. Бул талапты “Унаа” мекемесинин бардык кызматкерлерине жеткирип коюңуздар.

Сапатсыз айдоочулардын даярдыгынан же унаа башкаруу ыкмасын толук үйрөнбөгөн жарандын айынан бир дагы жарандын өмүрү кыйылбашы керек. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана жер-жердеги ички иштер органдары “Адам өмүрү баарынан кымбат, адам жашоого татыктуу” деген ураан менен пропагандалык иш-чаралар күчөтүлсүн. Туристтик сезон учурунда коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде жүргүзүлсүн.

Бешинчи тапшырма:

Ички иштер органдарынын ишмердигин ыкчам жана тездик менен өнүктүрүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөндөмүн жогорулатуу үчүн санарип мейкиндигине чыгуу зарыл. Ички иштер органдарындагы тиешелүү иш-кагаздарды электрондук форматка өткөрүү процедурасы белгиленген тартипте ишке ашырылсын. Ушул жылдын аягына чейин ар бир райондук ички иштер бөлүмү, санарип тармагы боюнча кайсы бир деңгээлде жетишкендиктерге жетип, элди жаңы заманбап ыкма менен тейлеп, коопсуздугун сактап, тейлөөнүн жаңы баскычына чыгышы керек. Ар бир жетекчи, санарип тармагы ички иштер органдарынын бирден-бир маанилүү багыты экендигин билип жана ушул багытта ишти сапатуу жүргүзүү керек.

Коллегияда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Тергөө кызматынын, Криминалистикалык кызматынын, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Катчылыктын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустук жана Бишкек, Ош шаардык ички иштер органдарынын коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү кеңири талкууга алынып, иштин сапатын жогорулатуу бар катар багыттарда ишти күчтөндүрүү сунушталды. Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилип, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди. Ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер үчүн ИИМдин Криминалистикалык кызматынын начальниги К.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

  1. Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. “Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Келтирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664