Чүйдүн Военно-Антоновка айылында темир жол боюнан өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде милиция бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы темир жолдон баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, өспүрүм 16 жаштагы К.Р., аттуу бала экендиги аныкталган.
Аталган факты каттоого алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.