7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК депутат Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

454

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн Мадумаровдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн аткаруу маселесин карап чыгып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратуу чечимине келди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Консититуциянын 79-беренесинде «Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат, эгерда ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе» деген норма бар экенин белгилеп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн аткаруу боюнча токтомду добушка койду.

Аны Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн баары бир добуштан колдоп, натыйжада Мадумаровду мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.

455