Чүй облусунда базар баасы 119 млн. 937 миң сомду түзгөн колбаса азыктарын өндүрүүчү ишкана болгон аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Объект мурда касапкана жана колбаса чыгаруучу ишкана болчу. Аны 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келген.