7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө турак үйдөн чыккан өрт жанында жайгашкан гараж менен унаага өткөн

734

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, жанында жайгашкан гараж толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелге караган түнү саат 2:22 чамасында Чүй районуна караштуу Искра айылынын Центральная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бир бөлмөсү жана ага жанаша жайгашкан гараж толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми гараждын ичиндеги “BMW-525” үлгүсүндөгү унаанын капот бөлүгү күйгөн. Өрт түнкү саат 2:50дө чектөөгө алып, толугу менен 03:45те өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан чыккан. Жабыркагандар жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735