Кадамжай районунун Умай-Эне айылында Ж.М. аттуу жаранга таандык сарайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, жалпы аянты 105 чарчы метрге жеткен өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 36 даана устун, 1,5 т саман, 4 куб тактай, 50 даана таңгакталган чөп жана 1 араба күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.