ӨКМге караштуу Кыргызгидрометеорология кызматынын адистеринин айтымында, жакынкы 3 күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт.
Тактап айтканда, түнкүсүн -14⁰ , -19⁰, күндүзү -0⁰, — 5⁰ суук болот. Ал эми 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө. Жалпысынан декабрь айында аба ырайы норманын чегинде болорун адистер белгилешет.
Баарыбызга белгилүү болгондой, өлкөдө акыркы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөдү. Борбор калаабызда 13-декабрга караган түнү -23,5 ⁰ суук катталганын өлкө синоптиктери айтып беришти. Ошондой эле алардын айтымында, Кыргызстан баюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер метеостанциясында -33⁰ жана Талас облусуннун Бакай-Ата районунда жайгашкан Кызыл-Адыр метеостанциясында -31⁰ди көрсөткөн.