7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

859

Чүй облусунун Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы.
21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барышып, 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам, өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон.
Учурда шектүү Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860