7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 жашар кыздын башын кесип, метродо көтөрүп жүргөн аял депорттолот

7847

Мындан 5 жыл мурда өзбекстандык мигрант Гүлчахра Бобокулова 4 жаштагы кыздын башын кесип алып көчөдө жүргөн жеринен кармалган. Аны жакынкы күндөрү психикалык ооруканадан чыгарышат. Ал акыл-эси жайында эмес деп табылгандан кийин адистер тарабынан мажбурлоо менен дарылоого буйрук берилген.

Россия ИИМнин маалыматына ылайык, ал өзүнүн мекени Өзбекстанга өткөрүлүп берилет.

«Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги аталган адамга карата 2017-жылы 1996-жылдын 15-августундагы №114-ФЗ Федералдык Мыйзамынын 25.10-беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү «Россия Федерациясына кирүү жана Россия Федерациясынан чыгуу тартибинин» негизинде Россия Федерациясында жашап жатып туура эмес жүрүм-турумуна карата чечим кабыл алды. Дарылануу аяктагандан кийин ал Россиядан депортацияланат», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн материалында белгилүү болгондой, Мещеряковдордун үй-бүлөсү Гүлчахра Бобокулованы тааныштарынын сунуштары аркыулуу кызын каратууга жумушка алышкан. Окуяга чейин ага карата эч кандай терс сындар айтылган эмес.

Каргашалуу окуя болгон күнү ал наристенин ата-энесин жумушка узатып, андан соң уктап жаткан кыздын бөлмөсүнө кирип аны муунтуп өлтүрүп, ашкана бычагы менен башын кесип салган. Анын башын алып алып «Октябрьское поле» метросуна чейин такси менен барган. Ал кетер алдында үйдү толугу менен өрттөп кеткен.

Экспертизанын маалыматында, 39 жаштагы Бобокулова психикалык өнөкөт оору менен жабыркап жүргөнү тастыкталганы айтылган. Ал аялга бала өлтүрүү, өрт коюу, андан соң жарылуу тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн айып тагылган. Анын котормочусу адам өлтүрүү фактысын толугу менен мойнуна алганын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7848