Референдумга чет өлкөдөн 54 миң 138 кыргызстандык добуш бере алат. Шайлоо тилкелери мурдагы бойдон 48 жерде. Ал эми уюштуруу ишине жалпысынан 12 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.
Чет өлкөдөгү жарандар референдумга добуш берүүгө форма 2 катталат, катоо 27-мартка чейин уланат.
Ал эми Кыргызстанда шайлоочулардын болжолдуу саны, азырынча 3 млн 597 миң жаран деп кабарланды. 27-мартка чейин жашаган аймакты тактоо жана биометрика тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Эске салсак, 11-март Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алып, референдумга дайындаган.