7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жол кырсыгы катталып, ЭлТРдин кызматкери каза болду

879

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, аталган кырсык 27-апрелде саат 16:50 чамасында катталган.

«Кемин районунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу тургуну Опель Зафира кызматтык унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып алдындагы КамАЗды (айдоочусу К.Б., 1975-жылы туулган, Бишкектин тургуну) артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Опель Зафира унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Ошол эле жеңил унаанын эки жүргүнчүсү 1976-жылы туулган И.К. жана 1977-жылы туулган М.К. жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон адам ЭлТР мамлекеттик компаниясынын кызматкери болгон.

Жол кырсыгы каттоого алынып, унаалар айып короосуна токтотулду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

880