7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чак түштөгү уурулук. Шектүүнү ким тааныйт? (ВИДЕО)

1057

29-майда Бишкек шаарынын Байтик Баатыр 53 көчөсүндө жайгашкан кеңседен велосипедди уурдап кетишкен. Окуя түшкү саат 14:30дар чамасында болгон.

Видеодон байкалгандай болжолдуу жашы 20-25тердеги азият улутундагы жигит аталган даректин короосуна келип, айланага байкоо салып, ал ортодо кеңсенин ичине чейин кирген. Тегеректе адамдар жоктугун байкап, короонун алдында тосмого жөлөнүп турган велосипедди тээп, из жашырып кеткен. Жабырлануучунун айтымында велосипед тосмого атайын кулпу менен бекитилген болчу. Уурдалган мүлк 7-каналдын кызматкерине таандык болгон.

Жабырлануучунун арызы боюнча ошол эле күнү Октябрь РИИБден ыкчам тергөө тобу келип далил катарында шектүүнүн аракеттери жазылып калган видео тасманы алып кеткен. Тилекке каршы, окуя катталган күндөн бери эки жума убакыт өтсө да ууру кармала элек. Жагдайга байланыштуу шектүү жигитти көрүп тааныгандар болсо 7-каналга кабарлап коюңуздарды өтүнөбүз.

Байланыш номерлери: 0507 77 00 70

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1058