2026-жылдын апрель айында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Грантт Холдинг» ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 5 МВт болгон муниципалдык чакан гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушу үчүн капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле ГЭС куруу долбоорунун илимий жетекчиси Акылбек Жапаров, район акими Алтынбек Сенирбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө катышуучулар долбоордун аймак үчүн маанисин белгилеп, бул демилге Чаткал районунун энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгилешти.
Өз сөзүндө Тилек Текебаев бул долбоор аймакты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Ал эми долбоордун илимий жетекчиси Акылбек Жапаров ГЭС заманбап технологиялардын негизинде курулуп, экологиялык талаптар толугу менен сакталарын билдирди.
Кубаттуулугу 5 МВт болгон чакан ГЭС ишке берилгенден кийин аймактагы электр энергиясына болгон муктаждыкты камсыздоого жана энергетикалык туруктуулукту арттырууга олуттуу салым кошот. Муниципалдык ГЭСтин курулушу региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берип, энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоого багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп эсептелет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



