7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чаткалда кышкы спорт түрлөрү боюнча мелдеш өттү

434

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Таш айылында «Кышкы оюндар 2023» аталышындагы мекеме уюмдар арасында кышкы спорт түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Оюндар райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп, 500гө жакын жергиликтүү тургундар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага катышкан район акими Алтынбек Сенирбаев алыскы Чаткал районунунда кышкы туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин айтып, бул багытта тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Демилгенин негизги максаты тургундардын ден соолуктун чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Чаткал районунда кышкы спорт түрлөрү боюнча оюндар беш жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435