7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чехиянын делегациясы Ош шаарына келди

545

Бүгүн, 3-сентябрда Чехиянын Жогорку Кеңешинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартощек жетектеген Чехиянын делегациясы Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларды Ош шаарынын аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Чехиянын парламенттик делегациясы Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы чехословактардын көмүлгөн жерлерине жана Кыргызстандын аймагындагы башка эстеликтерге барат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546