7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара чырында 27 миңден ашык адам ички жер которду. Ким жардам берет?

744

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун учурдагы төрайымы менен онлайн форматта жолукту. Ал кыргыз-тажик чек арасында келтирилген чыгымдардын ордун толуктоого жардам берүүнү суранды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын кесепетинде ички жер которгондордун саны 27 миң адамдан ашкан. Ушуга байланыштуу ЕККУдан ички жер которгондорго жардам көрсөтүүнү суранды.

Ошондой эле жаңжалдан кийинки мезгилде уроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, тынч жарандардын үйлөрүн кайрадан курууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

А.Линде ЕККУнун жаңжалды мүмкүн болушунча эрте жөнгө салууну жактаарын жана чек ара боюнча талаштарды чечүүгө жана жаңжалдан кийинки кайрадан калыптандыруу иштерине жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745