7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
8°C

Чек ара кызматы: «Өзбек жоокерлери чек араны кесип өткөн деген маалымат жалган»

306

Кыргыз-өзбек чек арасын Өзбекстандын чек арачылары кесип өттү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Баткен облусунун Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинде У.Н. аттуу жергиликтүү тургун өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин айтып, аны видеого тарткан.

“Чек арада чыр-чатакты алдын алуу максатында Айдаркен багытындагы чек ара өкүлдөрү Өзбекстандын Сох багытындагы чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирбегени жана чек ара сызыгына жакын аймакта кароо жүргүзүп жатканы аныкталган. Ошондой эле чек арачылар жергиликтүү тургун менен жолукканда өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыккан эмес” — деп айтылат маалыматта.

Тараптар чек арага жакын аймактардагы тургундар арасында түшүнбөстүк жаралбашы үчүн мындан ары чек арачылардын кыймылы тууралуу маалымдап туруу боюнча макулдашты.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кадастрдык кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде дагы бир жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Ал эми, Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинин видеого тарткан тургунуна окуя боюнча түшүндүрмө берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307