Кыргызстанда 24-25-апрель күндөрү “Чек арачыга бирден китеп” акциясы өткөрүлдү.
УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, акциянын алкагында 3700дөн ашык китеп чогулду.
“Китептер чек ара тарамдарына жөнөтүлөт. Чек ара кызматы акцияга катышып, чек арачыларды колдоо менен китеп бергениңер үчүн ыраазычылык билдирет”- деп айтылат маалыматта.