Кечээ, 1-апрелде УКМК чек ара кызматынын «Жаны-Жер» аскер кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте Баткен облусунун Лейлек районунда май куючу жайлардын биринин кампасына берилген санкциянын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада коңшу өлкөнүн жасалма мамлекеттик номерлүү жеңил унаа табылып, анын салонунан 650 литр солярка табылып алынды.
«Аталган факт боюнча коңшу өлкөнүн 2 адамы кармалды. Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда», — деп берилет маалыматта.