Автоунаасына кошумча жабдык орнотуп, чек арадан бензин ташыган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө аймагында «Кошумча жабдык» аталышындагы рейд жүрүп жатат. Рейддин алкагында Казакстандан «JAC» үлгүсүндөгү автоунаага кошумча жабдык орнотуп, бензин ташып келе жаткан айдоочуну аныкташты.
Автоунаа айып короо жайына токтотулуп, материал чара көрүү үчүн Мамлекеттик Салык кызматына өткөрүлүп берилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



