7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан дарыя аркылуу өткөн аял кармалды

389

УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракетин алдын алышты.

Чек арага жакын аймакта күзөт кылуу учурунда чек ара кезмети мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жерде, Казакстан Республикасынын аймагында турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны байкашкан. Байкалган унаанын тушундагы чек ара тилкесине дароо келген чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга Чүй дарыясы аркылуу өткөн аялды кармашкан.

Кармалган аялдын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Анын айтымында, ал 1985-жылы туулган У.М.Р. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган аял андан ары териштирүү жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

390