7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн өлкөдө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

12

Билим берүү — мамлекеттин келечегин аныктаган негизги тармактардын бири. Мектепке жумшалган ар бир сом Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча жаңы мектептерди ачып жатып билдирди.

Төраганын айтымында, күчтүү экономика, заманбап технология жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү билимдүү муундан башталат.

“Билим берүү — социалдык тармактардын эң маанилүүсү, ал — мамлекеттин келечеги. Акыркы жылдары билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылды. Мектептерди куруунун темпи совет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн ашып, рекорддук деңгээлге чыкты”, — деди ал.

Касымалиев белгилегендей, бүгүн өлкө боюнча 20 жаңы билим берүү объекти, анын ичинде 17 мектеп жана үч бала бакча пайдаланууга берилүүдө. Алар Бишкек, Манас жана Ош шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тоң, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Анын ичинен Бишкек шаарында 10 мектептин эшиги ачылууда.

“Биз жол курабыз, ишканаларды ачабыз, экономиканы өстүрөбүз, ири долбоорлорду ишке ашырабыз, бюджетти көбөйтөбүз. Бирок мунун баарын кийинки муун — бүгүн ушул мектептердин партасында отурган балдарыбыз улантат. Мектепке жумшалган ар бир сом — Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция”, — деди ал.

Минкаб төрагасы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканын белгилеп, билим берүү системасын өзгөртүү өлкөнүн келечегине түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

“Бүгүнкү өзгөрүүлөр айрым учурларда татаал сезилиши мүмкүн экени, бирок балдарды жеңилдикке гана көнүктүрбөстөн, билимге жана эмгекке умтулууга үйрөтүү маанилүү. Жеңиш эмгек менен келет. Математика маселесин чыгаруу менен, чет тилин үйрөнүү менен, китеп окуу менен келет. Чоң жеңиш көп эмгек менен келет”, — деди өкмөт башчысы.

13