7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө башталды

13

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина жеткирилип, бардык аймактарга бөлүштүрүлдү. Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө башталды. Бул туралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева «Биринчи радиодон» билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте тобокелдик тобундагы адамдар акысыз эмделишет:

  • өнөкөт оорусу бар жарандар;
  • кош бойлуу аялдар;
  • бат-баттан ооруган кичинекей балдар;
  • медицина кызматкерлери;
  • 65 жаштан ашкан адамдар.

Оторбаева эмдөө оорунун оор өтүшү же кабылдап кетиши сыяктуу тобокелдиктерди азайтууга багытталганын түшүндүрдү. «Бул адам таптакыр оорубайт дегенди билдирбейт, бирок оору жеңилирээк өтүшү мүмкүн», — деди ал.

Акылуу негизде эмдөөнү каалаган башка жарандар вакцинация жасоого уруксаты бар менчик клиникалардан эмделе алышат.

 

14