7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Учкундун» директору алмашты

184

Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалды. Бул маалыматты «Учкун» мамлекеттик иш канасы ырастады.

Буга чейин, 15-сентябрда жаны окуу жилы башталгандан кийин ата-энелер мектептерде окуу китептери жетишсиз экенин билдиришкен.

16-сентябрда депутат Дастан Бекешов китептердин базарда сатылып жатканын көрүп, министрлер кабинетинин төрагасы Адыбек Касымалиев текшерүү жүргүзүүнү сунуштаган.Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

17-сентябрда «Учкун» китептерди агартуу министрлигинин жана жеке мектептердин буйрутмасы менен басып чыгарарын, алардын колдонулушун көзөмөлдөбөй турганын билдирген.

Министрлик болсо китептердин базарда сатылышы боюнча буга чейин УКМКга жана ИИМге кайрылганын маалымдаган.

 

185