7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Непалда издөө-куткаруу иштери аяктады: 5 миңден ашуун адам дайынсыз

5

Непалда мөңгүнүн кулашынан кийин болгон селден улам жүргүзүлгөн издөө-куткаруу операциясы аяктады. Кырсыктан 1455тен ашуун адам каза болуп, 5285 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу «Reuters” билдирди.

Болжол менен 13,8 миң адам куткарылган. Дайынсыз жоголгондорду мыйзам боюнча каза болгон деп таануу маселеси каралууда. Бул алардын жакындарына камсыздандыруу жана башка юридикалык маселелерди чечүүгө жардам берет.

Кырсык 26-августта Тибет менен чектеш аймакта болгон. Селден Непалдын бир нече аймагына жана Кытайдын Тибет автономдуу районуна олуттуу зыян келтирилип, 12 ГЭС, жолдор, көпүрөлөр жана турак жайлар талкаланган.

Непалдын бийлиги өлкөнү калыбына келтирүү үчүн болжол менен 4,78 миллиард доллар керек экенин билдирген.

6