7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик мугалимдер барган түнкү клуб жабылды

638
Чет элдик ыктыярчы мугалимдер барган түнкү клубдан баңгизат аныкталып, жабылды. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар жана белгисиз жытсыз суюк зат салынган бөтөлкөлөр алынган. Клубга келгендер жогорку окуу жайларда ыктыярчы-окутуучу болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.
Баңгизат колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Алар синтетикалык баңгизат колдонгондорун айтышты.
Ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору тергөө жана түшүндүрүү иштери үчүн жеткирилип, алынган заттар экспертизага жөнөтүлгөн.
Учурда түнкү клуб жабылды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аталган жайдын ээсинин жоопкерчилиги каралат.
639