Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу иштери башталганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.
Легалдаштыруу 1-апрелде башталып, 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат. Иш агенттиктин бардык аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.
Мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек:
- аккредитациядан өткөн лаборатория тарабынан берилген транспорттун коопсуздугу тууралуу күбөлүк;
- унааны сүрөткө тартуу менен визуалдык кароо жүргүзүлөт;
- белгиленген формадагы арыз;
- айдоочунун паспорту;
- транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү (эгерде бар болсо);
- транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ (бар болсо);
- транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашып-тартышпаган, камакка алынбаган жана такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
- чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болгон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;
- каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдардын квитанциялары, атайын бланктар жана каттоо белгилери;
- мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Мыйзамдаштырылган унаа ээлерине 10-аймактын номери менен ыйгарылат.
Кошумчалай кетсек, бул автотранспорт каражаттары андан ары ээликтен ажыратылууга жана Кыргыз стандын чегинен тышкары алып чыгууга жатпайт, аларды такси катары колдонууга болбойт.