7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо максатында флешмоб башталды

258

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерди колдоо, дүйнө жүзүндө кыргыз жаранынын оң образын калыптандыруу максатында активисттер, блогерлер жана маданият өкүлдөрү #ҮлгүлүүКыргыз аттуу флешмоб баштады. Бул тууралуу социалдык тармактарда видеолор жайылууда.

Демилге акыркы учурдагы Россияда жана башка өлкөлөрдө мигранттарга карата көзөмөл күчөп жаткан шартта пайда болду.

Флешмобдун багыты чет жерде жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамдуулукка чакыруу, “Үлгүлүү кыргыз жараны — бул мыйзамды урматтаган, жоопкерчиликтүү адам” деген түшүнүктү дүйнө коомчулугуна жайылтуу.

Иш-чаранын уюштуруучулары жарандарды бул кыймылга кошулуп, чет жерде документтерди иретке келтирип, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, өлкө президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Россия аймагында жүрүүгө уруксат берген документтерди иретке келтирүүнүн мөөнөтү 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

259