Ушул жылдын 11 айында чет мамлекетте кароосуз калган кыргызстандык 16 өспүрүм мекенине алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16 өспүрүмдүн экөө Казакстандан, калганы Орусиядан табылган. Алардын үчөө кыз, 13ү эркек болгон. Алар ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок эле башка мамлекеттин аймагына өтүп кетишкен.
Бул балдар жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, профилактикалык иштерден соң туугандарына өткөрүлүп берилген.