7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк трак айдоочуларына жумушчу виза берүү токтотулду

200

АКШ Чет өлкөлүк  бардык коммерциялык жүк ташуучу трак айдоочуларына жумушчу виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык түйүнүнө жазды.

Жүк ташуучу унааларды айдаган чет элдик айдоочулардын көбөйүшү өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратып, америкалык айдоочулардын жашоо деңгээлин начарлатарын айткан.

Мындай чектөө Флоридада мыйзамсыз иштеп, жүк ташуучу унаа айдаган индиялык жарандын үч кишини өлүмгө кептеген окуясынан кийин кирди. Аталган айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, кийин Калифорниядан кармалган.

АКШнын мамлекеттик департаменти 55 миллиондон ашык чет элдик жарандын визасы текшерилээрин Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдирген.  Эгер иммиграциялык эрежелерди бузгандар аныкталса, визалары жокко чыгарылат же депортацияга кабылышат.

 

201