Бишкектин Жал кичи районунда Honda Aria үлгүсүндөгү автоунаа 15 жаштагы кызды сүзүп, андан соң из жашырган.
Бишкек ШИИБ окуя жөө кишилер үчүн өтмөктө болуп, кырсыктын кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгонун кабарлады. Милициянын Кайгуул кызматы барган учурда чет элдик шектүү жаран качып кеткен.
Бул факт боюнча иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда керектүү экспертизалар дайындалды.