7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк жаран опузалап акча талап кылган

3

КР УКМК тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Германиянын жараны – 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган жаран материалдык пайда алуу максатында, коркутуу жолу менен шантаж жана укук коргоо, сот органдарына кайрылаарын эскертип – чет элдик инвестордон, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаранынан өзгөчө ири суммадагы накталай акчаны, тактап айтканда 6 млн 200 миң АКШ долларын же Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

Инвестордун чет өлкөлүк жарандын алдындагы финансылык милдеттенмелерин толук төлөп бергенине карабастан «башка бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз талаптар» токтогон эмес.

Учурда аталган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

4