7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлөрдөгү элчиликтер үчүн жаңы имараттар сатып алынууда

9

Мамлекет чет өлкөлөрдөгү өзүнүн дипломатиялык корпустарынын кызматкерлери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу аркылуу ынгайлуу шарттарды түзүү ишин улантууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү өздөрү жүргөн өлкөлөрдө имараттарды жана кызматкерлер үчүн батирлерди ижарага алып, ал үчүн өлкө бюджетинен сезилээрлик каражаттар сарпталып келген.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкө бюджетине жүктү азайтуу жана чет өлкөдө эмгектенген дипломаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн дипкорпустары жана кызматкерлери үчүн имараттарды сатып алууда.

Алсак, 2023-жылы Кыргызстандын Мажарстандагы элчилиги үчүн имарат сатылып алынды. Ушул эле жылы Кыргызстандын Франциядагы элчилиги өзүнүн менчик имаратына ээ болду. Быйыл болсо өлкөнүн Кореядагы элчилиги өзүнүн имаратына көчүп, кубанып турган чагы. Чет өлкөдөгү дипломаттар үй-бүлөлөрү менен батирлерди ижарага алып эмгектенип келишет. Алар үчүн да эми кызматтык батирлер сатылып алынууда.

2024-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде эмгектенген кызматкерлер үчүн төрт кызматтык батир сатып алынса, ушул эле жылы Россиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу үчүн бир батир менчикке сатып алынды. Быйыл, 2025-жылы Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Нью-Йорк шаарында Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн төрт батир жана Туруктуу өкүл үчүн резиденция сатып алынды. Кызматкерлер үчүн сатып алынган батирлердин катарын Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы элчилиги толуктайт. Бул өлкөлөрдө эмгектенген дипломаттар үчүн да төрт кызматтык батир менчикке сатылып алынды», — деп жазды ал.

Алагөзов белгилегендей, учурда Кыргызстандын Швейцариядагы, Австриядагы элчиликтери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу боюнча иш жүрүүдө.

«Чет өлкөлөрдө элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500дөн 4500 долларга чейин коротуп келишкен. Айрыкча алыскы мамлекеттерде. Европада кеңсени ижарага алуу 5000 евродон 6500 еврого чейин. Эми мамлекет бул имараттарды сатып алуусу менен ижара үчүн акча коротпойт жана менчиктеги имараттарга коротулган каражат бир канча жылда эле өзүн актап коет. Бул багыттагы иштер системдүү жана прагматикалык мүнөзгө ээ болуп, мындан ары дагы улантылмакчы», — деди ал.

10