Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук жол кыймылынын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Сары-Таш — Карамык унаа жолунун 127-чакырымында катталган. Өспүрүм унаанын рулун башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен рулдагы жана унаадагы окуучу каза болгон.
Унаадагылардын үчөө тең 2008-жылы туулган 10-класстын окуучулары болгон.