Бишкекте 59 жаштагы жаран 20-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. ӨКМ учурда Чоң Чүй каналынан изделип жатканын билдирди.
31-октябрда бул жарандын кызынын кайрылуу катынын негизинде жеринде издөө иши башталып, 7 куткаруучу тартылган. Жакындарынын маалыматына ылайык, дайынсыз болгон жарандын уюлдук телефону Чоң Чүй каналы жактан өчүп калгандыгы аныкталган.