7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чогулган фитир-садака кимдерге берилди?

296

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган фитир-садаканы 3 категория боюнча таратты.

«Фитир-садакалар мечиттерибизде топтолот. Биз элдин ибадат иретинде берген фитир-садакаларын өз даректерине жеткирүүгө абдан катуу маани беребиз. Шарият боюнча бериле турган атайын орундар бар. Сиздер фитир-садака берген момун-мусулмандар үчүн дуба кылып, алардын кылган ибадаттарын кабыл болуусун Жараткандан тилеңиздер. Алган тыйыныңыздарды жакшылыктарга гана колдонуңуздар», – деди Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев.

Ал топтолгон фитир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттарда жана казыяттарда каларын, калган 10 пайызы гана муфтиятка бөлүнөрүн, фитир-садаканын ар бир тыйыны арыздын негизинде өз дарегине жеткирилерин, мекеменин бюджетине ибадаттык каражаттан 1 сом дагы кирбешин баса белгиледи.

Муфтиятка келип түшкөн сумма: 6487276,4 (алты миллион төрт жүз сексен жети миң эки жүз жетимиш алты сом кырк тыйын)

Арыз менен кайрылган жарандага 3 категорияда таркатылды:

1.    Жетим калгандар 85 кишиге – 10 миң сомдон;
2.    Оорулуулар 399 кишиге – 7 миң сомдон;
3.    Мутаждар 296 кишиге – 5 миң сомдон берилди.

Жалпы суммасы 5123000 (беш миллион бир жүз жыйырма үч миң сом) таркатылды. Калган сумма  муфтияттын курамындагы диний окуу жайларга таркатылып берилгенин башкы бухгалтер Толкунбек ажы Жуманов билдирди.

297