Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган фитир-садаканы 3 категория боюнча таратты.
«Фитир-садакалар мечиттерибизде топтолот. Биз элдин ибадат иретинде берген фитир-садакаларын өз даректерине жеткирүүгө абдан катуу маани беребиз. Шарият боюнча бериле турган атайын орундар бар. Сиздер фитир-садака берген момун-мусулмандар үчүн дуба кылып, алардын кылган ибадаттарын кабыл болуусун Жараткандан тилеңиздер. Алган тыйыныңыздарды жакшылыктарга гана колдонуңуздар», – деди Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев.
Ал топтолгон фитир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттарда жана казыяттарда каларын, калган 10 пайызы гана муфтиятка бөлүнөрүн, фитир-садаканын ар бир тыйыны арыздын негизинде өз дарегине жеткирилерин, мекеменин бюджетине ибадаттык каражаттан 1 сом дагы кирбешин баса белгиледи.
Муфтиятка келип түшкөн сумма: 6487276,4 (алты миллион төрт жүз сексен жети миң эки жүз жетимиш алты сом кырк тыйын)
Арыз менен кайрылган жарандага 3 категорияда таркатылды:
1. Жетим калгандар 85 кишиге – 10 миң сомдон;
2. Оорулуулар 399 кишиге – 7 миң сомдон;
3. Мутаждар 296 кишиге – 5 миң сомдон берилди.
Жалпы суммасы 5123000 (беш миллион бир жүз жыйырма үч миң сом) таркатылды. Калган сумма муфтияттын курамындагы диний окуу жайларга таркатылып берилгенин башкы бухгалтер Толкунбек ажы Жуманов билдирди.