7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада райондук архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды (ВИДЕО)

2

Бүгүн, 5-декабрда Ысык-Көл облусунунун Чолпон-Ата шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

«Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы 288 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү», — делет маалыматта.

Иш-чаранын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

3