7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада сел суусу өтүүчү канал курулууда

355
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту дарыясынын нугунда сел суулары агып өтүүчү каналдын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл башкармалыгынын ӨКМ пресс борбору билдирди.
Долбоор боюнча ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан жалпы узундугу 2500 метр канал курулат.
Каналдын нугу 4 участокко бөлүнүп, бүгүнкү күндө биринчи участогундагы 730 метр тилкесинде курулуш иштери 90% аткарылып бүттү.
Мындан сырткары унаа өтүүчү 3 көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Учурда төртүнчү көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө.
356