7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу кызуу жүрүүдө

17

Бүгүн, 7-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш объектисинин негизги бөлүгүнөн тарта, насостук станциялардын курулушуна чейин карап чыгып, курулуш иштеринин мөөнөтүнө жана сапатына тыкыр көңүл буруу керектигин белгиледи.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, «China Road» жана «Алкаташ» компаниясы тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станциянын арматура токуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 12 насостук станциянын жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, курулуштун кийинки этабы жүргүзүлүп жатат.

Долбоор ишке ашкандан кийин Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын калкы, ошондой эле аталган калктуу конуштардын аймагында жайгашкан баардык пансионаттар, конок үйлөрү жана башка имараттар канализация системасына 100 пайыз кошулат. Бүгүнкү күндө Чолпон Атанын калкынын 30-40 пайызы гана канализация тутумуна кошулган.

Курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

18