7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин төрайымы болуп шайланды

581

Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымын шайлашты.

Аталган тармактык комитеттин төрайымдыгына «Ишеним» парламенттик фракциясы тарабынан Султанбекова Чолпон Аалыевнанын талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Эске салсак, 30-ноябрда депутат Медербек Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгынан өз каалосу менен кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582