7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өчпөс полк» жүрүшүнүн токтотулушу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

501

Кыргызстанда 9-Май — Улуу Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

«Мен жарандардан бул чечимди кайгылуу кесепеттерге алып келе турган ар кандай чагымчыл аракеттерди болтурбоого багытталган коопсуздук чарасы катары кабыл алууну суранам. Ал эми жер-жерлерде Жеңиш күнүнө арналган бардык башка иш-чаралар адаттагыдай эле өтөт. Коомдук коопсуздук жана тартип тиешелүү деңгээлде камсыздалат. 1-майдан 10-майга чейин тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат», — деди ал.

Исмаилов “Өлбөс полктун” катышуучулары жана жарандар бул чечимди түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимин билдирди.

 

502