7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңиш күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт?

510

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

9-майда саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле «солдат» боткосу жана майрамдык концерт уюштурулат.

Борбор калаанын райондорунда, тактап айтканда, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жана Панфилов атындагы сейил бактарында концерттик программаны уюштуруу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Мындан тышкары борбор калаадагы бардык билим берүү уюмдарында эсте каларлык датага байланыштуу ачык сабактар, сынактар ​​жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 9 ардагери жашайт.

511