7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто “Шрек” кармалды

464

Ош облусунда «Шрек» каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган Кыргызстандын жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы «Гашиш» баңгизаты табылды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кармалган жаран Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат жана баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россиянын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Жогорудагы жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номурлары аркылуу кайрылыңыздар!

465