7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чубак Жалиловго “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры”даражасы ыйгарылды

255

Маркум ажы Чубак Жалиловго “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарылды.

Эске салсак, Чубак ажы 2020-жылы пандемия учурунда каза болгон.

256