Мессенжерлердин биринде бир эркек кишинин борбор калаадагы мектеп окуучуларын коркутуп жаткан видеосу тараган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын негизинде териштирүү иштери башталган.
Учурда бардык мектептер текшерилип, шектүү буюмдар табылган жок.
Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларды коркутуп-үркүтүүгө шектелген эркек кишинин өздүгү аныкталды. Ал — 2005-жылдын 23-октябрында туулган, издөөдө жүргөн Украинанын жараны Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты.
Белгилей кетсек, Овсюк Я.М.ге карата телефондук терроризм фактысы боюнча Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.
«Урматтуу шаар тургундары!
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы, сабырдуулукту сактоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.
Бардык түшкөн билдирүүлөр жана маалыматтар ыкчам түрдө текшерилип жатат. Азырынча тизмеде көрсөтүлгөн бардык мектептер текшерилип, шектүү буюмдар жана коопсуздукка байланышкан коркунучтар аныкталган жок. Милиция кызматкерлери окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда»,- деп берилет маалыматта.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө, текшерилбеген маалыматтарды таратпоого жана социалдык тармактарда дүрбөлөң жаратпоого чакырат.